​Анжеликанын ажырашуу тууралуу соту жылдырылды

​Анжеликанын ажырашуу тууралуу соту жылдырылды
6-Март 2018, Шейшемби, 22:03

Ырчы Анжелика Бекболиеванын жолдошу Урмат Бекболиев менен ажырашуу боюнча жазган арызынын негизиндеги соттук отурум 11-мартта жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин ырчынын ажырашуу тууралуу жазган арызы Биринчи Май райондук соту тарабынан 6-март күнү каралмак болгон. Бирок белгисиз себептерден улам соттук отурум 11-мартка жылдырылды.

Анжелика Бекболиева жолдошу Урмат Бекболиев менен 10 жылдан бери чогуу түтүн булатышып, 3 кыздуу болушкан. Ырчы акыркы 11 айдан бери кыздары менен чогуу жашап жатканын билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!