Саламат Садыкованын чыгармачылыгына 40 жыл

Саламат Садыкованын чыгармачылыгына 40 жыл
12-Март 2018, Дүйшөмбү, 17:43

КРнын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Казакстандын эмгек сиңирген артисти Саламат Садыкованын 60 жылдык мааракесине жана чыгармачылыгынын 40 жылдыгына карата “Келгиле сыйлашалы” аттуу жеке чыгармачылык кечеси өткөрүлөт. Бул тууралуу филармониянын маданият кызматкери Улан Зайнидин уулу Zaman.kg сайтына билдирди.

Анын айтымында, концерттик кече 28-29-мартта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында саат 18:00дө башталат.

Концерттии "Камбаркан" фольклордук тобу, белгилүү өнөрпоздор жана бийчилер тобу коштойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!