Актер Олег Табаков көз жумду

Актер Олег Табаков көз жумду
13-Март 2018, Шейшемби, 11:14

Белгилүү совет жана россиянын актеру Олег Табаков 82 жашында дүйнө салды. “Рен ТВ” каналы маалымдагандай Табаков Москвада кайтыш болгон.

Акыркы учурларда Олег Табаковдун ден-соолугу тууралуу ар түрдүү кабарлар айтылып келген. Февраль айында ал комага түшкөндүгү тууралуу белгилүү болгон эле. Ушул убакыт аралыгында анын жанында үй-бүлөсү жана жакындары колдоо көрсөтүп турушкан.

Олег Табаков 1935-жылы 17-августа Саратовдо дүйнөгө келген. 1953-жылы ал “МХАТ” мектеп-студиясына өтүп, алдынкы студенттердин катарына кирген. Табаков “Современник” театрынын түптөөчүлөрүнүн бири. Ал көрөрмандарга “Война и мир”, “Семнадцать мгновений весны”, “Двенадцать стульев” жана башка фильмдери менен эсте калды. Мындан сырткары, Табаков “Трое из Простоквашино” жана “Каникулы в Простоквашино” мультфильминде Матроскин мышыгынын үнүн коштогон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!