Самара Каримова катышкан спектаклди эл туруп көрдү

Самара Каримова катышкан спектаклди эл туруп көрдү
14-Март 2018, Шаршемби, 22:31

Бугүн, 14-мартта Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз драма театрында Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин калемине таандык “Илегилек” драмасы коюлду.

Анын бет ачар аземине белгилүү инсандардан драманын автору Султан Раев, КРнын эл артисти Саламат Садыкова, Жамал Сейдакматова жана башкалар катышты.

Билет баасы 500 сомду түзүп, спектаклге келген көрүүчүлөр залдын 100 пайызын түзүп, айрымдары туруп көрүштү. Ал эми студенттер үчүн драма акысыз көрсөтүлгөн. Бир саатка созулган драманын соңунда көрүүчүлөр ордунан туруп, 5 мүнөт тынбай кол чабышты.

Аталган драма буга чейин Султан Ибраимов атындагы Ош драма театрынын коюлуп, анда экинчи калаадагы актёрлору ойноп, башкы ролду КРнын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова аткарган.

Белгилей кетсек, “Илегилек” спектакли улуу муун менен жаш муундун көз караштары, баалуулуктарынын кагылышы тууралуу баяндайт. Буга чейин бул драмада башкы каармандын ролун КРнын эл артисти Жамал Сейдакматова ойногон эле. Эми спектакль аймактарга коюлмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!