​Айжамал менен Мирбек дуэт жаздырышууда

​Айжамал менен Мирбек дуэт жаздырышууда
14-Март 2018, Шаршемби, 23:03

Акыркы убакта чыгармачылыка катуу киришип, бир катар клиптердин үстүнөн иштеп жаткан эстрада ырчысы Айжамал Кабылова жакында КРнын эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков менен дуэт ырдап чыгат. Бул тууралуу ырчы соцтармактагы баракчасына жарыялады.

"Мирбек иним экөөбүз бир жакшы дуэт ырдоону чечтик"- деди Айжамал Кабылова. Азырынча кайсыл ырды ырдап чыгышат белгилүү боло элек.

Ал эми соцтартактын колдонуучулары эки ырчы таланттуу экенин белгилешип, дуэт мыкты болооруна үмүт артышууда. Биз дагы эки ырчыга ийгиликтерди кааламакчыбыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!