Анджелина Джоли миллионерге турмушка чыгабы?

Анджелина Джоли миллионерге турмушка чыгабы?
20-Март 2018, Шейшемби, 17:27

Актриса Анджелина Джоли үч ирет турмуш курган. Акыркы жолдошу Брэд Питт менен ажырашуу процесси дагы аягына чыга элек.

Ага карабастан актриса эми төртүнчү жолу турмуш курат. Бул жолу актрисанын тандоосу британдык миллионерге түшкөн. Бирок ысымы азыркыга чейин сыр бойдон сакталууда. Сүйүшкөндөр бир жылдан бери бирге. Маалымат булактардын айтуусу боюнча, актриса өзү турмуш курууга сунуш киргизген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!