Нурлан Насип Асел Кадырбекованын колун сурады

Нурлан Насип Асел Кадырбекованын колун сурады
21-Март 2018, Шаршемби, 20:53

Эстрада ырчысы Нурлан Насип 101 роза гүлүн сунуп, тизе бүгүп Асел Кадырбекованын колун сурады. Бул тууралуу алып баруучу Назира Кадыева соцтармактагы баракчасына жарыялаган.

"Тарыхый күн. Нурлан Аселдин колун сурады. "Бактылуу болгула. Эки жашка бакыт тилейбиз",-деп пикирин калтырган.

Эскерте кетсек, буга чейин эки ырчынын кыз жигит болуп, көп жылдан бери чогуу жүрүшүп, коомчулуктун сынына кабылышкан эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!