​“Салам, Кыргызстан” көрсөтүүсү кайрадан тартылат

​“Салам, Кыргызстан” көрсөтүүсү кайрадан тартылат
22-Март 2018, Бейшемби, 13:35

Бүгүн, 22-мартта КТРКда “Салам, Кыргызстан!” көрсөтүүсүнүн кезектеги чыгарылышы тартылат. Бул тууралуу КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков билдирди.

Анын айтымында, көрсөтүү планга кирип калгандыктан, 2 берүүсү тартылат. Ошону менен көрсөтүү жабылат.

Кошумчалай кетсек, коомчулуктун сынына кабылган “Салам, Кыргызстан!” көрсөтүүсү 16-мартта жабыла турганын Карыпбеков жарыялаган.

Мунун жабылышына ырчы Клара Алибекованы алып баруучулар шылдыңдашканы жана “чыпалак баатыр” аты менен белгилүү болгон Зарылбек Аликеновдун видеосу себепчи болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!