Анжеликанын кезектиги клиби жарык көрдү

Анжеликанын кезектиги клиби жарык көрдү
23-Март 2018, Жума, 22:31

Такай талкуунун үстүндө жүргөн ырчы Анжелика Бекболиеванын жаңы ыры жарык көрдү. Бул тууралуу ырчы соцтармактагы баракчасына жарыялады.

"Эки күн мурун тарткан клипим даяр болду. Клиптин режиссёрунун айтымында өзгөчө жеңил, кооз тартылды. Сөзү: Сейит Жээнбековго, Обону: Эркин Мээркановго таандык «Сага баратам...» ырымды бардык интернет сайт, радиолордон уга аласыздар. Клипти КТРКнын "Музыка" телеканалында 28-март күнү биринчилерден болуп көрүңүз. Мүмкүнчүлүгүбүз чектелип турса да эч нерседен өзүбүздү чектебейлик! Таптакыр үнү жок, жакшы укпаган инсандарыбыз да ырдайт!,"-деди ал

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!