Брэд Питт жана Дженнифер Энистон кайрадан бирге

Брэд Питт жана Дженнифер Энистон кайрадан бирге
26-Март 2018, Дүйшөмбү, 17:03

Джастин Теру жана Дженнифер Энистон бир ай мурун ажырашкандыгын билдиргенден тартып, ММКы Дженниферди мурунку күйөөсү Брэд Питт менен кайра жараштырууда. “Star” журналынын башкы бетинде Питт жана Энистондун өбүшүп турган сүрөтү менен чыгып чоң резонас жаратты. “Star” журналы сүрөткө байланыштуу билдирүү берип жатып жылдыздар чындыгында бирге жана аларды Питтин досу Джордж Клуни жараштыргандыгын маалымдады.

Бред Питтке Анджелина Джоли кетип калганда эң биринчилерден болуп коңгуроо чалган бул анын досу Клуни болгон. Клуни доусунун биринчи аялы менен жарашуусуна түрткү берген.


«Джен жана Джастин Теру ажырашып жатканын укканда, Джордж Брэдди ага чалып кайра баштан баштоо тууралуу айткан», — деп билдирет “Star” журналы. Белгилүү болгондой мурунку жубайлардын көп жылдардан кийинки кездешүүсү “Оскардын” кечесинде болгон. «Жөн гана Дженга баруу пландалган, бирок Джордж Брэдди ал кечеге жеткирип таштап кеткен. Жыйынтыгында Питт жана Энистон тынч жана жай сүйлөшүшүп, ортолорундагы муз эрий түшкөн»,-деп билдирет маалымат булагы. Анын айтуусу боюнча, жуптардын акыркы никелери бекеринен болгон эмес, анткени, алардын бирге түтүн булатуусу керемет экенин көрсөтө алды дейт.

Автор досторунун кайрадан бирге экенине кубанычын жашырбайт. «Джордж Анджелинины жактырчу эмес, ал Брэдди көзөмөлдөй бергенин жек көрчү. Ал эми Джен ага аябай жакчу жана жагат, жана алар ажырашусуна Джоли себепчи экенин уккан кезде катуу капаланган. Ал эми Джоли тууралуу Голливудда эч ким жакшы сөз айта алчу эмес», — деп жазат “Star”.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!