​Месси мейманкана сатып алды

​Месси мейманкана сатып алды
30-Март 2018, Жума, 12:31

Аргентиналык футболчу, "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель МессиИбице аймагынан мейманкана сатып алды. Бул тууралуу «Спорт-Экспресс» кабарлады.

Мейманкана атактуу Балеарск аралдарынынэкинчи жээгинде, жер ортолук деңиздин чыгышындагы курортук аймакта жайгашкан.

Азырынча атактуу футболчу канчага сатып алгандыгы тууралуу маалымат жок. Бирок, мейманкана 52 орундуу анын бир оруну эле 226 - 525 фунтка (260тан 590 еврого чейин) жетет. Имараттын чатырында ресторан, короосунда бассейн жана VIP-кызматтары көрсөтүлөт.

Мындан мурда батыштын басма сөз маалыматтарында Месси 30 миллион еврого Барселонага жакын жерден мейманкана сатып алгандыгы тууралуу жазып чыгышкан.

Эсиңиздерге сала кетсек, Европа чемпионатынын эң мыкты футболчуларына бериле турган "Алтын бутса" жана “Алтын топ” сыйлыгынын 5 жолку ээси Лионель Месси 2016-17-жылдар ичинде 37 гол киргизип, алдыга чыккан. Эки жыл бою удаасы менен "Барселона" чабуулчусу эң алдыңкы жыйынтыктарга жетишип келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!