​"Ювентус" - "Реал": Роналдунун керемет голу (видео)

​
4-Апр. 2018, Шаршемби, 11:04

Европанын футбол асссоциациялары бирлигинин (УЕФА) Чемпиондор лигасынын 1/4 финалынын алгачкы оюну"Ювентус” (Италия) – “Реал"(Испания) командалары беттешти. Бүйүрду кызыткан Европанын эстен кеткис оюну 0:3 "Реалдын" жеңиши менен аяктады. Оюндун башында эле «Реал Мадрид» клубунун чабуулчусуКриштиану Роналду үчүнчү мүнөттө алгачкы голун киргизди. Андан кийин кайра дагы 64 мүнөттө Криштиану Роналду чалкасынан жата калып, экинчи керемет голун тепти. Ал эми экинчи таймда 72 мүнөтүндө ВиераМарсело үчүнчү голду атты.

Чемпиондор лигасынын 1/4 финалынын алгачкыоюну "Ювентус” (Италия) – “Реал"(Испания) командалары беттешүүсүн түркиялык калыс Чунет Чакир жүргүздү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!