Мэнни Пакьо 14-июлда рингге чыгат

Мэнни Пакьо 14-июлда рингге чыгат
4-Апр. 2018, Шаршемби, 15:27

Филиппиндик мушкер, сегиз салмак боюнча дүйнө чемпиону Мэнни Пакьяо 14-апрель күнү ринге чыгат. Бул тууралуу sports.ru сайты жазып чыкты.

Маалыматка ылайык атактуу мушкер Куала-Лумпур шаарында аргентиналык мушкер Лукас Матиссе менен таймашат.

Бул титулдук мушташ болуп, орто салмактагы WBAнын чемпиону аныкталат.

Аргентикалык Лукас Матиссе 2018-жылы Теву Кираманы нокаут менен жеңген. Бул аргентикалык мушкер үчүн орто салмактыга таймаш үчүн үчүнчү жолу ринге чыгат.

Эсиңиздерге сала кетсек Мэнни Пакьяо профессионалдык рингде 59 жеңиш болсо, анын ичинде 7 жолу жеңилген. Соңку таймашын быйылкы жылы 2-июлда Австралияда өткөргөн. Учурда мушкер эки тизгин бир чылбырды бирге алып келүүдө. Ал Филиппин 2016-жылдан бери Филиппин парламентинин жогорку палатасынын сенатору жана муну менен бирге профессионалдык ринге чыгууну улантып келатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!