Футболчунун жарым кулагын тиштеп алды

Футболчунун жарым кулагын тиштеп алды
5-Апр. 2018, Бейшемби, 12:48

Кытайдын «Аугу» жана «Малу» футболчулардын массалык мушташуусу бир оюнчунун кулагынан ажыроосу менен аяктады. Бул тууралуу “The Sun” басылмасы жазып чыкты. Маалыматка ылайык “Laoye Cup ” турнири алкагында беттешке чыккан «Аугу»жана «Малу» командасы калыстын чечимине каршы чыгышып, бири-бири менен катуу мушташты. Жыйынтыгында “Малу” командасынын футболчусунун кулагын каршылашы жарымын тиштеп, жулуп алган. Стадионго келген полиция кызматкерлери бул жанжалды араң токтотушкан. Ал эми беттешүүнун жыйынтыктары айтылган жок.

Бул мушташ дароо эле Майк Тайсон менен Эвандер Холлифилддин мушташын эске салды. Анда “Темир Тайсон” дагы каршылашынын кулагын тиштеп салган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!