​​Салах аптанын мыкты футболчусу тандалды

​​Салах аптанын мыкты футболчусу тандалды
7-Апр. 2018, Ишемби, 10:52

Европанын футбол асссоциациялары бирлиги (УЕФА) Чемпиондор лигасынын 1/4 финалынын алгачкы беттешүүлөрүндөгү аптанын мыкты футболчусун аныктады. Спорт уюму жуманын эң мыкты футболчусу наамына төрт оюнчуну талапкер катары көрсөткөн болчу. Көрөрмандардын 53 %добушу менен египеддик футболчу "Ливерпулдун" жарым коргоочусу Мохамед Салах тандалды. Экинчи орунга респондеттердин 35% добушу менен“Реалдын” чабуулчусу Криштиану Роналду, үчүнчү орунду 5% менен "Бавариянын " оюнчу Хамес Родригес , ал эми төртүнчү орунга4%менен "Барселона" коргоочусу Жерар Пикетатыктуу болду.

.Ал эми Чемпиондор лигасынын 1/4 финалынын жооптуу беттештери 10-11-апрель күндөрү "Ювентус-Арена" стадионунда өтөт.

Эске сала кетсек, Чемпиондор лигасынын финалдык оюну 26-майда Киев шаарында «Олимпийский» стадионунда өткөрүлөт. Өткөн жылы Чемпиондор лигасын "Реал Мадрид" утуп алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!