ФИФА футболчуларды ижарага берүүгө тыюу салды

ФИФА футболчуларды ижарага берүүгө тыюу салды
13-Апр. 2018, Жума, 12:26

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) футболчуларды ижарага берүүгө тыюу салат. Бул тууралуу “France Football” басылмасы жар салды. Маалыматка ылайык ФИФА трансфер системасын түп-тамырынан бери жаңылоону көздөп жатат. Бул максатта курамына Эл аралык профсоюз оюнчулары, Европа клуб ассоциациялары жана мурдагы атактуу футболчулар кирген атайын комиссия түзүлгөн. Алардын арасында Кафу, Звонимир Бобан, Эдвин Ван дер Саржана Марко Ван Бастен дагы бар. Комиссия футболчулардын профессионалдык өнүгүүсүнө шарт түзгөн ижарага берүү жолуна чекит койот.

Спорттук уюм айрыкча клубдардын футболчу менен келишим түзүп соода-сатык системасына айландырып алгандыгын жана буга бөгөт коюуну максат кылууда. Акыркы учурларда эле 2017/18 сезонунда "Ювентус" 41 оюнчусун ижарага берсе, "Удинезе" – 27, "Челси" – 22, "Манчестер Сити" – 18 ирет ижарага беришкен.

Комиссия 11 бөлүмдөн турган реформаны жасоону көздөп жатат. Анын ар бир беренеси 2018-жылдын октябрь айында ФИФАнын чоң жайынында кабыл алынмакчы. Айрыкча эмгек акысын туруктуу бир ченемге көрсөтүү да каралууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!