Нурмагомедов титулдук мелдешке ким менен чыгат?

Нурмагомедов титулдук мелдешке ким менен чыгат?
16-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 13:54

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов кийинки жеңил салмактагы титулдук мелдеши америкалык мушкер Дастин Порье менен ринге чыгат. Бул тууралуу UFC президенти Дэйна Уайт айтып чыкты.

UFC президенти Дэйна Уайт “ - Сөзсүз, Порье - ал Нурмагомедов менен ринге чыкчу бирден бир талапкер болуп саналат. Биз адегенде, Нью-Йорктогу беттешүүдөгү Тони Фергюсондун ордуна чыгышын туура көргөнбүз. Бирок, Глендейдеки спорттук иш-чараны бузгубуз келген эмес. Туура эле кылыптырбыз” деп билдирди.

15 апрелде Дастин Порье техникалык нокаут менен Джастин Гетджини жеңип алган. Ал эми Нурмагомедов 8-апрелде жеңил салмактагы UFC мелдештнде америкалык мушкер Эл Яквинтуну жеңген эле.

29 жаштагы Хабиб Нурмагомедов спорттук карьерасында 26 беттеш өткөрүп, баарында тең жеңип чыккан. Атаандашы Дастин Порье 28 беттеш өткөргөн, 23 ирет жеңишке жетишкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!