​Дүйнө чемпионаты: билеттер ачык сатыкта

​Дүйнө чемпионаты: билеттер ачык сатыкта
18-Апр. 2018, Шаршемби, 02:22

Орусияда өтө турган дүйнөлүк чемпионаттын билеттери ачык сатууга чыкты. Бул тууралуу Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) билеттер боюнча департаменттинин башчысы Фальк Эллер билдирди. Негизинен билет сатуу эки этапка бөлүнгөн. Биринчи этабы 2017-жылдын 5-декабрында башталып, 2018-жылдын 31- январында аяктаган. Ал эми билет сатуунун акыркы этабы 18-апрелден башталып, бардык матчтарга билет сатып алууга болот.

Эл аралык спорт уюмунунбилеттер боюнчадепартаменттинин башчысы Фальк Эллер “ - Билет сатуунун эң акыркы этабында бардык матчтарга билеттер ачык сатылат. Билеттер бири-биринен айырмаланып турат. Баарыңарды ФИФА сайтындагы билеттерди сатуунун индикаторун карап турууларын сунуштайбыз” деди

Билеттер финалдык беттешүүлөргө чейин 15-июлга чейин сатылат. Учурда дүйнө футбол чемпионаттынын 1,7 миллионго жакын билеттери сатылган.

Билеттердин көп бөлүгү орусиялык футбол ышкыбоздору сатып алышкан((796 875), ал эми калгандары башка өлкөлөрдүн футбол сүйүүчүлөрү алышты.

Билет алуудагы алдыңкы 10 өлкө төмөндөгүчө:

1. АКШ (80 161)

2. Бразилия (65 863)

3. Колумбия (60 199)

4. Германия (55 136)

5. Мексика(51 736)

6. Аргентина (44 882)

7. Перу (38 544)

8. Китай (36 841)

9. Австралия (34 628)

10. Англия (30 711)

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Россияда өтөт. Футболчулар Россиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!