Орусиянын профессионалдык футбол лигасынын 27 чемпионаты алкагында «Машук» жана «Ангуш» командаларынын беттешүүсүн кадимки аюу баштап берди. Бул тууралуу орусиянын маалымат каражаттары жар салды. Анда “Тима” аттуу аюу оюн башталаар алдында футбол талаасына чыгып, кол булгалап, көрүүчүлөр менен учурашты. Андан кийин топту алып, башкы калыска берди.