Америка жана орус хоккейчилер мушташты

Америка жана орус хоккейчилер мушташты
19-Апр. 2018, Бейшемби, 12:31

Улуттук хоккей лигасы (НХЛ) беттешүүлөрүндө Американын жана орус хоккейчилери мушташты. Бул тууралуу “Чемпионат” басылмасы жазып чыкты. Маалыматка ылайык муз талаасында американын "Нью-Джерси Дэвилс" командасынан Брайан Бойл жана "Тампа Бэй Лайтнинг" командасынын орусиялык коргоочусу Михаил Сергачев бири-бири менен мушташа кеткен.

Чатак адегенде Сергачев америкалык Брайан Бойлго күч колдонгондо, хоккейчи жооп иретинде таягы менен кысып калган. Экөөнүн ортосунда мушташ башталганда эки команда бири-бирине кирген. Натыйжада хоккейчилердин массалык мушташына айланган. Калыстар 10 мүнөт тыныгуу кылып, жаңжалды араңдан зорго токтотууга мүмкүн болду.

Беттешүү 2:3 эсебинде "Нью-Джерси Дэвилс" командасынын жеңиши менен аяктаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!