​Неймар покер ойноп, балээге калды

​Неймар покер ойноп, балээге калды
20-Апр. 2018, Жума, 17:07

Бразилиялык футболчу жана француздардын «Пари Сен-Жермен» футбол клубунун чабуулчусу Неймар чемпионаттык мачтта покер ойноп отурду. Бул тууралуу батыштын басма сөз тармактарында катуу талкуу болууда. Атактуу футболчу чемпионаттын 33- айланпа алкагында “ПСЖ” жана “Моноко” (7:1) беттешүүсү учурунда покер ойноп отурганын ышкыбоздору катуу талкууга алышууда. Неймардын “ПСЖ” беттешүүсүндө покер ойногонун соцтармактагылар туура эмес көрүшүп, өз футбол клубуна болгон кайдыгер мамилеми сындап жатышат. Неймар учурда операциядан кийин калыбына келүү үчүн дарыланып жатат.

Эсиңиздерге сала кетсек Неймар 25-февралда француздардын Чемпионат лигасында «ПСЖ» менен «Марсель» беттешүүсүндө катуу жыгылып, бутунун оң кызыл ашыгы чоюлуп, Бразилияда операция жасаткан. Мурда футболчунун калыбына келүүсүнө дагы бир нече айлар алаары айтылган эле.

Өткөн сезондо Неймар Франциянын чемпионатында 18 беттешүүгө катышып, 18 гол киргизген. Мындан тышкары бразилиялык футболчу Чемпионаттар лигасында 6 беттешүүгө катышып, баардыгында айырмалып чыккан. Ал эми 9-январда спорт изилдөө борбору (CIES) 25 жаштагы Неймарды 213 миллион еврого баалап, дүйнөнүн эң баалуу футболчу деп атаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!