​Шок: Күйөрмандар футболчуларга кол салды (видео)

​Шок: Күйөрмандар футболчуларга кол салды (видео)
24-Апр. 2018, Шейшемби, 12:08

Футбол тарыхында мындай массалык кол салуу болгон эмес. Оюн учурунда жинденген күйөрмандар футбол талаасына чуркап чыгып, футболчуларды сабашты. Бул тууралуу «Советский спорт» жазып чыкты. Маалыматка ылайык Түштүк Африка Республикасынын Кубогу алкагындагы “Кайзер Чифс” жана “Фри Стейт Старс” командалары ортосундагы беттешүүсүндө күйөрмандардын кол салуусунан 18 адам жабыркаган. "Дурбан" стадионундагы оюнда нааразы болгон күйөрмандар футбол талаасына чуркап чыгып, стадиондун кызматкерлери менен мушташты. Футболчуларды дароо качырып кетүүгө үлгүргөнү менен үйүр топ отургучтарды, тосмолорду сындырып, журналисттерге кол салып, камераларын талкалоого жетишкен. Мындан тышкары трибунага өрт коюшкан. Акырында жардамга келген полиция көздү ачыштыруучу газ жана жаңыруучу жардыргычтарды колдонгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!