​“Рома” күйөрмандары адам өлтүрүүдөн шектелүүдө (видео)

​“Рома” күйөрмандары адам өлтүрүүдөн шектелүүдө (видео)
26-Апр. 2018, Бейшемби, 13:04

“Ливерпуль” - “Рома” футбол мелдеши алдында күйөрмандар ортосунда чыккан мушташта киши өлтүрүүдөн шектелген күйөрмандар кармалды. Бул тууралуу батыштын басма сөз каражаттары жазып чыкты.

“Corriere della Sera” гезити “Ливерпуль” футбол командасынын ышкыбоздоруна кол салган эки адамды полиция кармагандыгын кабарлады. Алар 21 жаштагыФиллипо Ломбарди жана 29 жаштагы Даниэле Шушо.

Эсиңиздерге сала кетсек шейшемби күнү Чемпиондор Лигасынын жарым финалдык алгачкы оюну “Ливерпуль” - “Рома” командалары беттешинде күйөрмандар катуу мушташкан. Мушташта 53 жаштагы адам олуттуу жарат алып, оор абалда ооруканага жеткирилген. Мушташты Италиянын “Рома”футбол клубунун күйөрмандары чыгарып, “Ливерпуль” ышкыбоздоруна кол салышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!