Орусия Салахтан корко баштадыбы?

Орусия Салахтан корко баштадыбы?
27-Апр. 2018, Жума, 11:42

Египет курама командасынын футболчусу жана англиялыктардын «Ливерпуль» футбол клубунун жарым коргоочусу Мухаммед Салахтын соңку ийгиликтери Орусияны ойго салды. Бул тууралуу батыштын басма сөз каражаттары жазууда. Ал эми “Чемпионат” басылмасына маек курган Орусия курама командасынын мурдагы футболчусу Ролан Гусев дүйнө чемпионатында Орусия менен Египет курама командаларынын беттеши тууралуу ойлорун ортого салган. Анда Египет курама командасынын эң күчтүү футболчусу Мохамед Салах экендигин белгилеген.

Ролан Гусев “Эң биринчиден, Салахты футбол талаасында каалагандай ойноосуна жол бербеш керек. Анын жанынан чыкпай ойноо шарт. Бирок, Орусия курама командасына жалгыз Салах гана коркунуч жаратпайт” деп айткан

Ал эми орусиялык мушкер, UFCнын жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Египет курама командасынын атактуу футболчусу Мохамед Салахти футбол чемпионатына катыштырбай коюунун бир гана жолу бар, ага өлкөбүзгө киришине виза бербей коюу керек” деген тамашасын Instagram баракчасына бөлүштү.

Египеттик атактуу футболчу англиянын Премьер-лигасынын жылдын мыкты футболчусу тандалган. Быйылкы сезондо Салах “Ливерпуль” командасы менен 31 гол жана 10 натыйжалуу жыйынтык көргөзө алган. Буга кошумча Европа чемпионатынын эң мыкты футболчуларына бериле турган "Алтын бутса" сыйлыгына талапкер катары көрсөтүлүүдө.

Эсиңиздерге сала кетсек Мохаммед Салах Египет курама командасы менен Орусияда өтө турган дүйнө футбол чемпионатына катышат. Египет А группасынын курамында Орусия, Сауд Арабия жана Уругвай менен ойнойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!