ЧЛ: Салах аптанын мыкты оюнчусу аталды

ЧЛ: Салах аптанын мыкты оюнчусу аталды
28-Апр. 2018, Ишемби, 02:30

Египет курама командасынын футболчусу жана англиялыктардын «Ливерпуль» футбол клубунун жарым коргоочусу Мухаммед Салах Чемпиондор Лигасынын жуманын эң мыкты оюнчусу тандалды. Алгачкы жарым финал беттешүүлөрүндө италиялыктардын “Рома” командасынын дарбазасына эки гол киргизип, эки жолу мыкты ыңгайлуу учур түзүп берген. Беттешүү “Ливерпуль” командасынын 5:2 эсебинде жеңишке жетишүүсү менен аяктаган.

Ал эми Европанын футбол асссоциациялары бирлигинин (УЕФА) расмий сайтында өткөн жумада күйөрмандар жуманын мыкты оюнчусу катарында эки талапкерди: Салах жана Марселону көргөзүшкөн.

«Ливерпуль» футбол клубунун жарым коргоочусу Мухаммед Салах 92 пайыз добуш менен жуманын эң мыкты оюнчусу тандалган.

Эсиңиздерге сал кетсек Египеттик атактуу футболчу англиянын Премьер-лигасынын жылдын мыкты футболчусу тандалган. Быйылкы сезондо Салах “Ливерпуль” командасы менен 31 гол жана 10 натыйжалуу жыйынтык көргөзө алган. Буга кошумча Европа чемпионатынын эң мыкты футболчуларына бериле турган "Алтын бутса" сыйлыгына талапкер катары көрсөтүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!