​“Барселона” капитаны кетээринде ыйлады (видео)

​“Барселона” капитаны кетээринде ыйлады (видео)
28-Апр. 2018, Ишемби, 11:54

"Барселона" футбол клубунун жарым коргоочусу Андрес Иньеста каталондук клубдан кетип жаткандыгын жарыялады. Бул тууралуу басма сөз жыйынында жарыялаган атактуу футболчу көз жаштарын жашыра албады.

"Бул менин Барселонадагы акыркы сезонум. Мындай чечимди кабыл алуу мага оңойго турган жок. “Барселона” мен үчүн дүйнөнүн эң мыкты клубу бойдон калат. Бул клуб мага баарын берди”,- деп андан ары көз жаштарын тыя албады.

33 жаштагы атактуу футболчу үчүн бул соңку сезону болуп калат. Кийинки 3 жылда Андрес Иньеста кытайлыктардын "Чунцин Лифань" футбол клубунда ойнойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!