​ФИФА кичи дүйнө чемпионатын өткөрүлөт

​ФИФА кичи дүйнө чемпионатын өткөрүлөт
3-Май 2018, Бейшемби, 02:34

Эл аралык футбол федерациянын президенти (ФИФА) Джанни Инфантино 8 улуттук курама командалардан кичи дүйнө чемпионатын өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Reuters агентиги жазууда. Маалыматка ылайык 8 улуттук курама командадан түзүлгөн Final 8 («Финальная восьмёрка») мини дүйнө чемпионаты 2021-жылдын октябрь же ноябрь айынан баштап, эки жылда бир жолу өткөрмөкчү.

ФИФАнын планына караганда Final 8 дүйнө чемпионатына 12 жыл аралыгында 25 миллиард доллар наркына жетет. Муну менен клубдар аралык дүйнө чемпионатынын форматында өзгөрүүлөр болуп, командалар 24кө жогорулашы күтүлүүдө. Бирок бул демилгелердин баардыгын ФИФА кеңеши кабыл алышы керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!