​Хабиб Нурмагомедов депутаттыкка аттанды

​Хабиб Нурмагомедов депутаттыкка аттанды
4-Май 2018, Жума, 15:40

Орусиялык мушкер, UFC жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Дагестан Элдик Курултайынын депутатты болот. Бул тууралуу орус басма сөз каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык Дагестан Республикасынын Элдик Курултайынын Президиуму атактуу мушкерге спорт тармагындагы жетишкендиктери үчүн “Ардактуу депутат” наамын берүү чечимин кабыл алды. Бул ардактуу наам май айынын аягында салтанаттуу түрдө тапшырылат.

Эсиңиздерге сала кетсек, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFC 223 турниринде жеңил салмактагылар арасындагы америкалык Эла Яквинта менен 8-апрелде рингге чыгып, чемпион болду. Хабиб Орусиянын UFС боюнча алгачкы чемпиондук титулуна татыды. 29 жаштагы Хабиб Нурмагомедов спорттук карьерасында 26 беттеш өткөрүп, баарында тең жеңип чыккан. Атаандашы Яквинта 13 беттеш өткөргөн, төрт жолу утулуп, бир ирет тең чыккан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!