​Медведева жарандыгын алмаштырып, Канадага кетет

​Медведева жарандыгын алмаштырып, Канадага кетет
10-Май 2018, Бейшемби, 12:53

Орусиянын көркөм муз тебүү боюнча жылдызы Евгения Медведева жарандыгын алмаштырып, Канадага кетет. Бул тууралуу «Весь спорт» агентиги жазууда.

Маалыматка ылайык 18 жаштагы дүйнөнүн эки жолку чемпиону Евгения Медведева жарандыгын алмаштырып, Канадада атактуу машыктыруучу Брайан Орсердун колунда тарбияланат.

Мындан тышкары атактуу спортчу орусиялык жарандыгын армян атуулдугуна алмаштыра тургандыгы да айтылууда. Медведеванын атасы армян улутундагы атактуу иш адамы Арман Бабасян болуп саналат.

Мурда орусиялык спортчу өзүн 11 жыл тарбиялап, дүйнөлүк чемпиондукка жеткирген машыктыруучусу Этери Тутберидзеден кете тургандыгын жарыялаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!