​“Реал” Неймарды алыш үчүн беш футболчунун кетирет

​“Реал” Неймарды алыш үчүн беш футболчунун кетирет
10-Май 2018, Бейшемби, 13:57

“Реал Мадрид” футбол клубу бразилиялык футболчу жана француздардын «Пари Сен-Жермен» футбол клубунун чабуулчусу Неймарды рекорддук трансфер жасоого беш футболчунун жумуштан кетирет. Бул тууралуу “Sport.ru” сайты батыштын басма сөз маалыматтарына таянып жазып чыкты. Анда мадриддик “Реалдын” негизги трансфердик максаты дагы эле Неймарды алуу болгондугун жана “падышалык клуб” 26 жаштагы атактуу футболчунун алуу үчүн беш футболчунун жумуштан кетирүүгө даяр экендиги айтылууда. Алмаштырууга чабуулчулар Карим Бенземаи жана Гарет Бэйл, коргоочу Хесус Вальехо, жарым коргоочулар Дани Себальоса жана Матео Ковачича коюлмакчы.

“Реал Мадрид” футбол клубу Неймарды 260 миллион еврого сатып алууга даяр экендиги белгиленди.

Эсиңиздерге сала кетсек “Барселонанын” мурдагы чабуулчусу Неймар француздардын “Пари Сен-Жермен” клубуна 2017-жылы августь айында өткөн. Анда оюнчу француз клубу менен 5 жылдык келишим түзгөн. Ал эми трансфер 222 миллион еврону түзүп, футбол тарыхында рекорд койгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!