​АКШ кышкы Олимпиадага катышат

​АКШ кышкы Олимпиадага катышат
12-Дек. 2017, Шейшемби, 14:37

Американын курама командасы Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтө турган кышкы Олимпиада оюндарынына катыша тургандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу АКШнын БУУдагы тең төрайымы Никки Хейли бүгүн билдирүү жасады. Басма сөз жыйынында суроолорго жооп берип жатып Никки Хейли “ооба биз, АКШнын курама командасы толугу менен 2018-жылы өтө турган Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарындагы кышкы Олимпиада оюндарынына катышабыз”,- деди

Эсиниздерге сала кетсек, АКШ жарым аралдагы Түндүк Кореянын ар кандай чагымчылдыгынан улам саясий абалы оорлошуп кеткен. Ал эми Американын спорт жетекчиликтери Түштүк Кореядан спортчулардын толугу менен коопсуздугун камсыздоого чакырык ташташкан эле.

Кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!