​Усик - Бриедис беттеши 27-январда болот.

​Усик - Бриедис беттеши 27-январда болот.
13-Дек. 2017, Шаршемби, 14:08

Бүткүл дүйнөлүк бокс супер сериясынын (WBSS) жарым финалдык беттешүүлөрүнө украиналык Александр Усик жана латвиялык Майрис Бриедис рингге чыгышат. Уюмдун сайтындагы маалыматка караганда эки мушкер Рига шаарында 27-январда беттешет. Ал эми мурда кабарланган орусиялык Мурат Гассиев жана кубалык Юниер Дортикостун мелдеши 3-февралда Сочи шаарында өтмөй болду.

Эсиңиздерге сала кетсек, Александр Усик Дүйнөлүк бокс уюмунун (WBO) дүйнө чемпиону. Анын 13 жеңиши (11 нокаут) бир жеңилүү бар. Ал эми латвиялык Майрис Бриедис дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC) кара курунун ээси. Тажрыйбалуу мелдештерде 23 жолу ринге чыгып анан 18 нокаут менен жеңген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!