​Атактуу мушкер Орусия жарандыгын алабы?

​Атактуу мушкер Орусия жарандыгын алабы?
13-Дек. 2017, Шаршемби, 15:22

Бир дагы жолу жеңилип көрбөгөн америкалык мушкер Флойд Мэйвезер Орус жарандыгын алууну көздөп жатат. Учурда Орусияда жүргөн мушкер «Россия 24» каналына берген маегинде орусиядан үй карап жатам жана орус жарандыгын алуу үчүн аракеттерди көрөөрүн билдирди.

Дүйнөнүн көп жолку чемпиону Флойд Мэйвезер рингге дагы бир жолу кайрылып 51-беттешүүгө чыгаарын айткан. Спорттук карьерасын аяктаган мушкер Орусияда бизнес-долбоор менен келгендигин жана банк тармагында иш баштаарын билдирди.

Эсиңиздерге сала кетсек 2015-жылы беш салмак категориясында дүйнө чемпиону рингден кеткендигин жарыя кылган. Бирок кайрадан соңку беттешүүсүн Конор Макгрегор менен үстүбүздөгү жылы августь айында өткөргөн. Флойд Мейвезер менен эрежесиз уруш боюнча UFC уюмунун чемпиону Конор Макгрегордун беттеши «Кылымдын беттеши» болгон. АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн бул беттеште Мейвезер атаандашын 10-раундда техникалык нокаутка кетирип, жеңишке жетишкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!