​Реал Неймарды көндүрдүбү?

​Реал Неймарды көндүрдүбү?
15-Дек. 2017, Жума, 11:51

Жарым жылдан бери бразилиялык футболчу Неймар “Реал Мадридге” келээри кабарларына жаңы боек кошулду. Goal.com маалыматтарына караганда Неймар Испанияга кайтып келүүгө макул болду. Ал футбол тайпасын 2018-жылы жайында алмаштырууга сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ансыз да акыркы учурларда Немар Франциядан тажаганы, клуб жетекчилиги менен мамилеси оңолбой жаткандыгы бай-бай айтылып келет.

Маалыматтарга караганда Реал атактуу чабуулчуга 250 миллион евро төлөп берүүгө убада берген. Эми 25 жаштагы бразилиялык футболчунун кайтышы кайрадан талаш-тартыштарга жем таштады.

Эсиңиздерге сала кетсек быйылкы жылы август айында "Барселонанын" чабуулчусу Неймар "ПСЖ" футбол клубуна өткөн. Неймардын мыйзамдуу өкүлдөрү келишимди мөөнөтүнөн мурда бузганы үчүн «Барселонага» 222 миллион евро төлөп беришкен. Муну менен Неймар футбол тарыхындагы эң кымбат оюнчуга айланган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!