​Кличко халатын 215 миң долларга сатты

​Кличко халатын 215 миң долларга сатты
15-Дек. 2017, Жума, 13:54

Украиналык мушкер Владимир Кличконун Энтони Джошуа менен болгон беттешүүсүндөгү халаты аукциондо 215 миң долларга сатылды. Андан түшкөн акчаны мушкер кайрымдуулукка жумшай турган болууда.

Эсиңиздерге сала кетсек ушул жылдын 29-апрелинде 41 жаштагы мушкер Уэмбли стадионунда британдык Энтони Жошуага утулуп калган. Энтони 11 раунда техникалык нокаут менен жеңишке жетишкен. Ошондон кийин украиналык мушкер чоң спорттон кетээрин жарыя кылган.

Кличко профессионал бокска 1996-жылдагы Олипададагы жеңишинен кийин келген. Ал оор салмактагы мушкерлер арасында дүйнөлүк бокс уюмунун бир катар (WBO, WBA жана IBF) версиялары боюнча чемпион болгон. Өзүнүн профессионалдык карьерасында Кличко жалпысы 69 беттеш өткөрүп, анын 64 беттешин (54 нокаут) жеңген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!