​Майкл Джордан - дүйнөнүн эң бай спортчусу

​Майкл Джордан - дүйнөнүн эң бай спортчусу
16-Дек. 2017, Ишемби, 13:54

Американын легендарлуу баскетболисти Майкл Джордан дүйнөнүн эң бай спортчуларынын башында турат. "Forbes" журналынын версиясы боюнча анын спорт тармагынан тапкан байлыгы 1,85 миллиард доллар. Бул каражаттын ичинде анын сыйлыктары, бонусу жана жарнамалык келишимдеринен түшкөн кирешелери дагы кирген. Маалыматка ылайык спортчу жарнамалык келишимдер боюнча киреше алууну улантууда. Аны миллиардер кылган баскетбол спортуна жумшаган инвестициялары кылууда. Тагыраак айтканда "Шарлотт" клубунун 90 пайыз үлүшүнүн ээси. Учурда клубдун наркы 780 миллион доллар турат.

Ал эми футболчулар Криштиану Роналду ("Реал") 12-орунда. Анын байлыгы 725 миллион доллар, барселонанын чабуулчусу Лионель Месси 16-орунда анын байлыгы 600 миллион доллар деп бааланууда.

Рейтинг боюнча биринчи орунда америкалык баскетболчу Майкл Жордан турат, анын кирешеси 1,85 миллиард доллар.

Алдыңкы ондукка төмөнкү спортчулар кирген:

2. Тайгер Вудс (АКШ, гольф) – 1,7 миллиард доллар;

3. Арнолд Палмер (АКШ, гольф) – 1,4 миллиард;

4. Джек Никлас (АКШ, гольф) – 1,2 миллиард;

5. Михаэль Шумахер (Германия, "Формула-1") – 1 миллиард;

6. Фил Микельсон (АКШ, гольф) – 800 миллион;

7. Кобе Брайант (АКШ, баскетбол) – 800 миллион;

8. Дэвид Бекхэм (Англия, футбол) – 800 миллион;

9. Флойд Мэйуэзер кичүүсү (АКШ, бокс) – 785 миллион;

10. Шакил О'Нил (АКШ, баскетбол) – 735 миллион;

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!