​Орусия жылдын мыкты футболчусун тандады

​Орусия жылдын мыкты футболчусун тандады
19-Дек. 2017, Шейшемби, 00:47

Москванын “Спартак” футбол тайпасынын голландиялык жарым коргоочусу Куинси Промес Орусияынын 2017-жылдын мыкты футболчусу тандалды. Бул Орусиянын футбол премьер-лигасынын (РФПЛ) Орусиянын футбол биримдигинин (РФС) машыктыруучулары, футбол менеджерлери жана «Спорт-Экспресс» басылмасынын журналисттери, күйөрмандардын тандоосу аркылуу тандалды. Добуш берүүнүн жыйынтыгында “Спартак” футболчусу Куинси Промес 184 упай, экинчи орунга ЦСКА чабуулчусу Игорь Акинфеев 151 упай, үчүнчү орунга «Краснодар» командасынын форварды Федор Смолов 127 упай топтогон. Добуш берүүгө Орусиянын футбол премьер-лигасынын (РФПЛ) 16 башкы машыктыруучу, 16 футбол менеджерлери жана «Спорт-Экспресс» басылмасынын 16 журналисти катышкан.

Эсиңиздерге сала кетсек 2017-жылы Куинси Промес “Спартак” атынан 23 гол киргизип, Орусиянын чемпиону наамын алган. Мындан тышкары Орусиянын суперкубогун да жеңген.

Ал эми Орусиянын футбол премьер-лигасынын (РФПЛ) билдиргенине караганда сыйлыкты тапшыруу аземи жылдын башында өткөрүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!