​Анна Курникова менен Иглесиас эгиз балалуу болушту

​Анна Курникова менен Иглесиас эгиз балалуу болушту
19-Дек. 2017, Шейшемби, 10:46

Мурдагы дүйнөнүн биринчи теннисчиси Анна Курникова жана атактуу испаниялык ырчы Энрике Иглесиас эгиз балалуу болушту. Р-Спорт басылмасынын маалыматын караганда атактуу үй-бүлө кыз жана уулдуу болушту. Төрөт Майамиде жакшы өткөндүгү, балдардын атын Николас жана Люси койгондугу айтылууда.

Маалыматтарга караганда жуптар балалуу болоорун төрөлгөнгө чейин жашырып жүрүшкөн. 36 жаштагы атактуу теннисчи соңку сүрөтү 2016-жылы ноябрь айында чыккан. Испаниялык ырчы Энрике Иглесиас менен дүйнөнүн биринчи теннисчиси Анна Курникованын мамилеси 2001-жылдан бери уланып келатат. Алардын баш кошкондугу тууралуу маалыматтар ЖМК байма-бай жарыяланып келет бирок жуптар үйлөнүү пландарында жок экендигин айтып келишүүдө.

Эсиңиздерге сала кетсек Анна Курникова - мурдагы жуптар рейтинги боюнча дүйнөдөгү биринчи теннисчи. Жалгыз рейтинги боюнча дүйнөнүн 8- теннисчиси. Курникова 16 титулдук жеңишке ээ болгон. Австралиянын ачык чемпионатын эки жолу багындырган. Жалгыз рейтинг боюнча Уимблдондун жарым финалына жеткен. Ал эми 2003-жылдан бери атактуу теннисчи Аялдардын теннис бирлигинин (WTA) мелдештерине катышпай келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!