Льюис Хэмилтон жылдын жарышчысы болду

Льюис Хэмилтон жылдын жарышчысы болду
19-Дек. 2017, Шейшемби, 15:34

«Формула-1» автожарыш чемпиондугуна 2017-жылы Льюис Хэмилтон татыктуу болду. Ал автоспорт боюнча дароо эки сыйлык алды. Ага жыл сайын автожарыш тармагында берилчү Autosport Awards сыйлыгы берилди. «Мерседес» командасында өнөр көргөзгөн спортчу, дүйнөнүн 4 жолку чемпиону бул сыйлыкты 5-жолу алууда. Бул сыйлыкка атактуу автожарышчылар Себастьян Феттел, Фернандо Алонсо жана Макс Ферстаппен ат салышкан.

Эсиңиздерге сала кетсек Льюис Хэмилтондун «Мерседес» командасы менен болгон келишими 2018-жылдан аягында бүтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!