Чачын 1000 долларга тегиздетет

Чачын 1000 долларга тегиздетет
20-Дек. 2017, Шаршемби, 12:23

Атактуу мушкер Флойд Мэйвезер кашка чачын 1000 долларга тегиздетет. Бул тууралуу Sports.ru жазып чыкты. Маалыматка ылайык атактуу мушкер көп жылдардан бери чачын таптакыр кырып, алдыртып жүрөт. Бирок анын чач жасалгасына абдан маани берээри айтылуууда. Атактуу мушкер чач жасалгасы идеалдуу көрүнүшү үчүн жумасына эки жолу чач тарачка барат. Ал бир чач тегиздеткенине 1000 доллардан төлөйт.

Бул маалымат так экендигин анан чач тарачы Жекки Старр журналистерге маалымат берген. Жекки мушкердин чачын бир канча жылдан бери өзү тегиздеп турат. Учурда Флойд Мэйвезер сулуулук салонун кардары гана эмес жакын досу экендигин да билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!