​Орусиянын олимпиадалык эн тамгасы

​Орусиянын олимпиадалык эн тамгасы
22-Дек. 2017, Жума, 14:02

Эл аралык олимпиада комитети (МОК) Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өтө турган 2018-жылкы кышкы Олимпиадагы бейтарап абалда катыша турган Орусиянын спортчуларына эн тамга сунуштады. Бул сунушталган эн тамга ак тоголок формасында жана четинде "Olympic Athlete From Russia" (OAR) - " Орусиянын олимпиадалык спортчулары " деп жазылган. Мындан тышкары формаларындагы өлкөнүн герби же символикалары толугу менен алынып, ордуна олимпиадалык шакекчелер менен алмаштырылат.

Эсиңиздерге сала кетсек 5-декабрда Эл аралык олимпиада комитети (МОК) кышкы Олимпиадага Орусия желексиз, байтарап катыштыруу чечимин кабыл алган. Ага ылайык Орусиянын допинг маселеси болбогон гана таза спортчулары атайын комиссия менен катышууга укук алышат. Учурда Орусиядан 450 спортчу бейтарап абалда катышууга даярданууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!