Месси досун сагынды

Месси досун сагынды
23-Дек. 2017, Ишемби, 13:22

Лионель Месси французларын “ПСЖ” футбол командасына өткөн досу Неймарга толкунданып жазылган видео кайрылуун жана шарап берип жиберди. Бул белекти Неймар ар түрдүү футбол командалары арасында ойнолгон “жашыруун дос” оюнунан кийин баардыгына көргөзгөн. Бул оюнда футболчулар бири-бирине ар кандай белектерди жөнөтүшөт. Алардын арасында Мессинин Неймарга берип жиберген видео кайрылуу да болгон.

Анда Месси “- Ней, биз сен кетээрде баардыгын айткан эмесбиз. Бирок, биз баарыбыз сени сагынып жатабыз. Биз дагы эле эртең мененки чайды сени менен бирге ичкибиз келет. Сага бардык жакшылыктарды каалайм. Жакында футбол талаасынан же ошого жакын жерлерде жолугалы” деп жазган. Андан ары “- мен сага “достордун белеги” аркылуу сага жаккан нерселерди берип жибердим” деп билдирген.

Буга жооп кылып Неймар “- Ырахмат Лео белекти дале мага арнаганыңа, мен ыраазымын” деп жоп берди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!