​ Эл уктап жатканда Путин хоккей ойноду

​ Эл уктап жатканда Путин хоккей ойноду
23-Дек. 2017, Ишемби, 14:40

Орусиянын президенти Владимир Путин кечээ Түнкү хоккей лигасынын жолдоштук беттешүүсүндө хоккей ойноду. Бул Түнкү хоккей лигасы 2011-жылы 15-декабрда Путиндин жана ардагер хоккей спортчуларынын демилгеси менен уюштурулган. Анын башкы максаты улуу муунду спортко тартуу жана Орусиянын спорт тармагын айрыкча хоккей спортун өнүктүрүү болуп саналат.

Орусиянын өлкө башчысы менен кошо беттешүүгө Коргоо министри Сергей Шойгу, атактуу хоккей спортчусу Вячеслав Фетисов жана Павел Буре, эл артисти Игорь Бутман жана башка көптөгөн коомдук ишмерлер катышкан. Түнкү хоккей лигасына ата мекендик спортчулар, санатчылар жана коомдук ишмерлер кирет

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!