​Месси же Криштиану Роналду – кимиси мыкты?

​Месси же Криштиану Роналду – кимиси мыкты?
23-Дек. 2017, Ишемби, 15:42

Бүгүн Испания жылдын футболдук календарын «Реал» - «Барселона» беттешүүсү менен аяктайт. Ал Мадрид шаарынын "Сантьяго Бернабеу" стадионунда Испания футбол чемпионатынын 17- беттешүүсү менен жылды жыйынтыкташат. Жылдын эң кызыктуу оюну Бишкек убактысы боюнча 18:00дө башталат.

Бул көптөн күттүргөн футболдук беттешүү кызыктуу болоорун «Реалдын» капитаны Серхио Рамос ЖМКга кабарлады. Серхио Рамос “ «Реал» чемпиондук титулду сакташ үчүн катуу күрөшүүгө тийиш. Бул мыкты беттешүү болот. Сөз жок бул футболдун классикасы болот”,- деди

Ал эми бул арада букмекерлер бул мелдеште "Реал" жеңип чыгаарын белгилей башташты. Бирок акыркы алдын ала маалыматтарга караганда тең чыгаары да байма-бай айтылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!