​Дүйнө чемпиону хиджаб салынуудан баш тартты

​Дүйнө чемпиону хиджаб салынуудан баш тартты
27-Дек. 2017, Шаршемби, 13:36

Дүйнөнүн шахмат боюнча чемпиону украиналык Анна Музычук Сауд Арабияда өтүп жаткан Шахмат боюнча дүйнөлүк чемпионатка аялдардын укугун басынтууда деп катышуудан баш тартты. Анна Музычук 2016-жылы близ-шахмат боюнча дүйнөлүк чемпиондукка татыган. Эгерде ал быйылкы мелдешке катышпаса наамдарынан ажырайт.

Дүйнөнүн шахмат боюнча чемпиону украиналык Анна Музычук бул туурасында өзүнүн фейсбук баракчасында билдирген. Анда “Мен бир канча күндөн кийин чемпиондук наамдарымдан ажырайм. Болгону Сауд Арабиясынга баргым келбегендигим үчүн эмгектеримди жоготом. Башкалардын эрежелери, хиджаб кийип, бирөөлөрдүн көчөдө мени мени коштоп, экинчи катардагы адам болгум келбейт”,- деп жазган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!