​Футболчуларды орозо кармабоого чакырышты

​Футболчуларды орозо кармабоого чакырышты
28-Дек. 2017, Бейшемби, 11:12

Египет футбол ассоциациясы Орусияда өтө турган дүйнөлүк чемпионаттын алдында футболчуларын орозо кармабоого чакырык жасашат. Бул тууралуу Египет футбол ассоциациясынын президенти Хани Абу Рида билдиргендигин ТАСС агентиги кабарлады. Маалыматка ылайык Египет футбол командасы чемпионат учурунда дин кызыкчылыгын эске алуу менен Грозный шаарында жайгаша турган болушкан. Буга кошумча футболчуларды орозо кармабоого көндүрүүгө аракет кылышат.

Хани Абу Рида “- Дүйнө футбол чемпионаты Рамазан айынын соңку күндөрүнө дал келүүдө. Бул биздин футболчуларга кыйынчылык жаратат. Бирок, шарият жолго чыккандар, кандайдыр оор иште жүргөндөр, үйүндөн узактагыларга орозо тутпоого уруксат берет.

-Эгерде футболчулар тамактануудан баш тартышса, жеңүүгө мүмкүнчүлүгүбүз да төмөндөйт. Билесиңер, Рамазан айында жашоо образ толугу менен алмашат. Түнү укташпайт, тамак жана суу ичишпейт. Ага карабай күндө машыгуу керек. Анын үстүндө Орусиянын шартында кандай болот? Ошондуктан футболчуларга орозону кармабоого түшүндүрүү иштерин жасайбыз“ деп билдирген.

Эсиңиздерге сала кетсек Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Орусияда өтөт. Футболчулар Орусиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!