​Неймар: "Футбол карьерим бүттү деп коркком”

​Неймар:
28-Дек. 2017, Бейшемби, 13:09

Бразилиялык футболчу жана француздардын “ПСЖ” клубунун чабуулчусу Неймар футбол карьерасындагы эң оор ирмемдерин бөлүштү. Атактуу футболчу 2014-жылдагы дүйнө футбол чемпионатында алган жараты менен футбол менен коштошом деп ойлогондугун билдирди. Анда Колумбия менен болгон беттешүүдө Неймар катуу жыгылып,омурткасын кокустатып алган.

Неймар “-Бул жарат менин эң оор учурларым. Мен дээрлик бир жума боюу ыйлагам. Апам, атам да ыйлашкан. Жакындарым жана досторум колдоп турушкан. Мен бутумду көтөрүп, кыймылдай албай калгам. Эч нерсе сезбей жаткам. Дарыгер эгерде сокку бир сантиметр ылдый болгондо футбол менен коштошмоксуң деп айткан. Мен футбол ойнобой каламбы деп абдан корком” деп билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!