​Пеле: Дүйнө чемпионатта Орусия жеңиши мүмкүн

​Пеле: Дүйнө чемпионатта Орусия жеңиши мүмкүн
29-Дек. 2017, Жума, 02:11

Орусиянын футбол боюнча курама командасы дүйнө чемпионатында жеңишке жетиши мүмкүн. Бул тууралуу футбол падышасы Пеле билдирген. Sport.ru порталынын маалыматына караганда дүйнөнүн үч жолку чемпиону мындан тышкары жеңишке жетишүүгө бир канча футбол командалары талапкер болоорун белгилеген. Пеле “- Дүйнө чемпионун жеңип алууга көптөгөн футбол командалары татыктуу, алардын бири Орусия. Бирок Германияны дагы эстен чыгарбоо керек. Бардык эле командалар чемпион болгусу келет. Болгону футболдо эч нерсеге кепилдик берүүгө болбойт. Футбол – сюрприздерге толтура оюндун түрү” деп айткан.

Мындан тышкары футболдун падышасы өзүнүн жердештери тууралуу да оюн ортого салган. Анын пикири боюнча Бразилия финалга чейин жетет. Финалда Бразилия менен тең таймаша тургандар Германия, Испания жана Францияны атаган.

Эсиңиздерге сала кетсек Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Орусияда өтөт. Футболчулар Орусиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!