​Ооз басырык үчүн 1,25 млн доллар алган

​Ооз басырык үчүн 1,25 млн доллар алган
4-Янв. 2018, Бейшемби, 13:56

Көркөм гимнастика боюнча дүйнө чемпиону, америкалык спортчу Маккайла Мароуни АКШ көркөм гимнастика федерациясына (USAG) каршы доо арыз жазды. Анда атактуу спортчу гимнастика федерациясынын курама командасынын дарыгери Ларри Нассардын зордуктоого аракет кылганын жаап-жашырууга аракет кылгандыгы үчүн айыптоодо.

Sport.ru сайтынын маалыматына караганда АКШнын көркөм гимнастика боюнча курама командасынын башкы дарыгери мажбурлап, зордуктоо аракеттерин жасап келген. Мындай окуяга дээрлик 140 гимнастика боюнча спортчу айымдар кабылган.

Доо арызда спортчу аны АКШ көркөм гимнастика федерациясы (USAG) жашыруун келишимге кол коюуга мажбур кылгандыгын жана бул окуяны эч кимге айтпоого милдеттендиргендиги жазылган. Ошондуктан бул келишимге ылайык спортчуга 1,25 млн доллар психологиялык жактан калыбына келтирүүгө берилген.

АКШ көркөм гимнастика федерациясынын (USAG) планы боюнча Нассардын зордуктоолору сыр бойдон калмак. Башкы дарыгерди жумуштан алып, ал эми анын курмандарына унчукпоого аракеттер көрүлгөн.

Эсиңиздерге сала кетсек акыркы 10 ай боюу узаган териштирүүдөн кийин АКШ курама командасынын мурдагы дарыгери Ларри Нассар 60 жылга эркинен ажыратылды. Ага үч берене боюнча кылмыш иш козголгон. Дарыгер секелек спортчуларды медициналык текшерүүдөн өткөрөм деген шылтоо менен уятсыз сүрөттөрдү тартып жүргөн. Ага балдар порнографиясын жайылтуу, секелек кыздарга зордуктоого аракет кылгандыгы үчүн айыптар да тагылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!