Дүйнөдөгү эң бай футболчу ким?(видео)

Дүйнөдөгү эң бай футболчу ким?(видео)
16-Янв. 2018, Шейшемби, 12:48

Дүйнөдөгү эң бай футболчу Месси же Криштиа́ну Рона́лду эмес, “Ленстер Сити” клубунун жаштар командасынын чабуулчусу Фаик Болкиах. “Sports.ru” сайтынын маалыматына караганда 19 жашындагы футболчу Бруней султанынын небереси тагыраак айтканда Бруней ханзаадасы Джеффри Болкиахтын баласы. Фаиктин байлыгы 20 миллиард доллар, өзү Англиянын “Ленстер Сити ” футбол клубунун жаштар командасынын чабуулчусу болуп саналат.

Фаик Болкиах “Мен өзүмдү билгенимден бери футбол ойноп келатам. Мага футбол талаасында болуп, топ тебүү бактылуулук алып келет. Бул кыялымдын ишке ашышына дайыма менин ата-энем жанымда болду”,- деп айткан

Жаш футболчу 1998-жылы Лос-Анджелес шаарында туулган бирок Бруней өлкөсү атынан футбол ойноону чечкен. Адегенде ал бала кезинде «АФК Ньюбери» командасында кийинчерээк «Саутгемптон» командасына өткөн. 2013-жылы лондондук «Челси» командасы менен 2 жылдык келишимге кол койгон. Ал эми 2016-жылы Балкиах лондондук “Лестер” футболдук клубу менен 3 жылдык келишим менен ойноп жатат. Ошол эле жылы “Ленстер Сити ” футболдук клубу Англиянын чемпиондугуна жетишкен.

Мындан тышкары Фаик Болкиах Бруней курама командасынын капитаны. Соңку 5 жылдык футбол бетешүүлөрүндө бир канча гол киргизүүгө жетишкен. Жаш футболчу жаныбарларды жана айрыкча ата-энесин жакшы көрөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!